Бишкекте Россиянын колдоосу менен курулуп жаткан эң ири мектептин курулушунун жүрүшүнө баа берилдиТокмоктогу мыйзамсыз зоопарк: арстан, аюу жана башка жаныбарлар алындыБаткен шаарында «Айгүл гүлү» эл аралык фестивалы өтөтДепутат Нацстатком кызматкерлеринин айлыгын көтөрүүнү сунуштадыПарламентте жарандардын кайрылууларын иштеп чыгуу үчүн Жасалма интеллект колдонулатКореялык Samsung C&T компаниясы Кыргызстандагы долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдар
Бишкектин Ак-Ордо конушунда 280 орундуу бала бакча курулууда (видео)
14.07.2023 | 17:25
Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда 280 орундуу бала бакча курулууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бала бакча 2 кабаттуу, 280 балага ылайыкталып салынат. Жер тилкесинин жалпы аянты – 0,83 га. Бала бакча кышында газ менен жылытылат.
“Имаратта ашкана, буфет, уктоочу, жуунучу, оюн, кабыл алуу, медициналык кабинет, бөлүм башчынын кабинети, музыкалык- гимнастикалык зал, тазалык түйүндөрү жайгашат”, – деп айтылат маалыматта.
Учурда темир-бетон каркасы толук бүтүп, чатырын жабуу, дубалын көтөрүү иштери жүрүп жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом