БШК Гүлсүнкан Жунушалиеваны жеке арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыраттыМектеп жетекчилеринен акча талап кылып келген. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кармалдыКыргызстанда электрондук капчыктарды расмий түрдө мураска калтыруу пландалуудаЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыТаштанды астындагы кенч: VII кылымдагы тыйын Бишкектин тарыхын жаңыдан жазууда
Ысык-Көлдө парашют менен аттракционго илинип калгандар куткарылды
15.07.2023 | 07:28
Ысык-Көл районунун Бостери айылында 14-июлдагы пансионаттардын бириндеги аттракционго (Колесо обозрения) илинип калган эки адам куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 2 эркек адамдын бири – 2009-жылы туулган Ж.А. аттуу өспүрүм бала жана дагы бир адам (аты-жөнү такталууда) парашют менен илинип калгандыгы маалымдалган.
Жерине Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, жогоруда аталган адамдарды жергиликтүү тургундар менен биргеликте аман-эсен түшүрүшкөн.
Аталган жарандардын ден-соолугуна зыян алып келген эмес, абалдары туруктуу.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом