Милиция блогер Улукбек Карыбек уулуну кармап, Ошко алып кетти

Милиция блогер Улукбек Карыбек уулуну кармап, Ошко алып кетти

Бүгүн, 14-июлда Бишкекте блогер Улукбек Карыбек уулу милиция тарабынан кармалды. Бул тууралуу анын «Фейсбуктагы» баракчасында айтылып, милиция кызматкерлери алып кетип баратканы тартылган сүрөтү жарыяланды.

Rerporter.kg’ге өздүк булактар билдиргендей, Улукбек Карыбек уулу «бейбаштыкка» шектелип кармалды. Анын үстүнөн милицияга арызды Ош облустук бириккен ооруканасынын кызматкерлери жазган.

Учурда милиция кызматкерлери блогерди Ошко алып бара жатат.

Эскерте кетсек, буга чейин блогер Улукбек Карыбек уулу аталган оорукананын төрөт үйү тууралуу материал даярдап, ал жакка кайрылган жарандар туш болгон көйгөйлөр жөнүндө айтып берген.

Андан кийин аталган оорукана «Фейсбуктагы» баракчасына блогердин төрөтканага келгени тууралуу жазып, ал өзүн орой алып жүргөнүн, сыртта кийген кийими менен төрөт үйүнүн ичине киргенин, кызматкерлердин ишине тоскоолдук жаратканын жана реанимация бөлүмүнүн эшигин сындырганын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>