COP31: Кыргызстандын павильонунда климаттын тоо туризмине таасири талкууландыБишкекте Манас көчөсүндө бир акцияда 6 миң көчөт отургузулдуМуниципалдык мүлктү жергиликтүү кеңештин макулдугусуз күрөөгө коюу сунушталуудаБишкекте балдардын коопсуздугу боюнча ата-энелер чогулуштары өттүЖапаров Жети-Өгүз жана Тоң тургундарынын кайрылууларын кароону тапшырдыЭркин Болжуров — фотография, кино, президенттер жана живописке кайтуу жөнүндө
Айсулуу Тыныбекова Венгриядагы рейтингдик турнирде финалга чыкты
15.07.2023 | 08:00
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Венгрияда өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча рейтингдик турнирдин финалына чыкты.
62 салмак категориясы боюнча кармашып жаткан кыргызстандык спортчу кыз алгач Луиза Хель Герд Неймехти (2:0), андан соң венгриялык Ясмин Солеманды (10:0) жеңип алды.
Чейрек финалда Тыныбекова россиялык Алина Хасабиеваны 6:1 менен утту. Ал эми жарым финалда бразилиялык Лаис Нуньести 5:2 эсеби менен жеңди.
Финалда кыргызстандык спортчу болгариялык Биляна Дудова менен кез келет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз