Кыргызстанда бир жумада 218 мас айдоочу кармалды
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 10-июлдан тартып, 16-июлга чейин өлкө аймагында 22 миң 348 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.
Алардын ичинен:
– тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 288;
– мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 218;
– авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 60;
– жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 1 076;
– транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4880;
– авто ээнбаштык – 6;
– белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 499;
– жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 6;
– башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 315;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 730 унаа убактылуу токтотуучу жайына киргизилген.
ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз