Бишкектеги рейдде 9 баланын ата-энесине протокол түзүлдү

Бишкектеги рейдде 9 баланын ата-энесине протокол түзүлдү

Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан «Өспүрүм-эмгек» аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу райондук милициядан билдиришти.

Иш-чара 12-14-июль күндөрү өткөрүлгөн.

«Иш-чаранын жүрүшүндө ата-энесине иштегенге жардам берген 72 бала аныкталды. Андан сырткары ата-энесинин коштоосусуз жүргөн 30 бала аныкталып, анын ичинен 21 бала ИИМдин жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна өткөрүлдү, 9 бала  ата-энелерине тапшырылды. Ошондой эле, 9 ата-энеге протоколдор түзүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>