Кыргызстанда бир жумада 218 мас айдоочу кармалды

Кыргызстанда бир жумада 218 мас айдоочу кармалды

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 10-июлдан тартып, 16-июлга чейин өлкө аймагында 22 миң 348 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.

Алардын ичинен:

— тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 288;

— мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 218;

— авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 60;

— жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 1 076;

— транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 4880;

— авто ээнбаштык — 6;

— белгиленген ылдамдыктан ашуу — 4 499;

— жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 6;

— башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 315;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 730 унаа убактылуу токтотуучу жайына киргизилген.

ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>