Бүгүн, 16-ноябрда, күн ачык болотКудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайы
Чек арачылар насостук станциядан майнинг-ферма табышты
17.07.2023 | 17:21
16-июль күнү Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары мамлекеттик чек арага жакын жерден криптовалюта өндүргөн жабдууларды табышкан. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, чек ара тозотунун кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Жаңы-Шаар конушунун четинде кызмат өтөп жатып, насос станциясынын аймагынан белгисиз техникаларды табышкан.
Окуя болгон жерге келген УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери аталган жабдык криптовалютаны өндүрүүгө ылайыкталганын аныкташкан.
“Аталган техникалар алынып, андан ары иликтөө үчүн УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди”, – деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом