Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулууда
Депутат Эргешов: Аксы районунун жаштары заманбап стадионго муктаж
30.01.2020 | 12:06
Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңеште «ар кандай» маселелер сааты өттү. Анда депутат Алмазбек Эргешов Аксы районунун борбору аталган Кербен шаарында заманбап стадион жок экенин билдирди.
«Аксы районунун борбору Кербен шаарында 30 миң адам жашайт, бирок ушул кезге чейин жарытылуу стадиону жок. Ошондон улам, жаштар түзгөн футболдук команда кайда барып ойнорун билбей отурат. Алар заманбап стадион куруп берүү өтүнүчү менен кайрылууда.
Ырас, стадион курууга 3,5 гектар жер бөлүнгөн, бирок ал какыраган талаа бойдон турат. 2012-жылы эле документтери даярдалганына карабастан, ушул кезге чейин анын куруу жумуштары баштала элек. Аймактар өнүктүрүү жылында ошол курулушту бөткөрүп берсе жакшы болмок», – деп кошумчалады депутат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом