Бишкек мэри шаарда метро курулабы деген суроого жооп бердиЭнергетика министрлиги: “Кемин” көмөк чордону ноябрга чейин толук даяр болотБаңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери эл аралык мелдеште 3-орунду ээледиТрамп ноябрдан тарта АКШ Кытайга 100%дык бажы төлөмдөрүн киргизерин билдирдиЖашоо кымбаттады: Кыргызстанда жашоо минимуму 8,7 миң сомго жеттиКыргызстандык жаштар Финансылык коопсуздук боюнча эл аралык олимпиада ийгилик жаратышты
Ала-Арча капчыгайында чет элдик жаран дайынсыз болууда
20.07.2023 | 15:39
Ала-Арча капчыгайында дайынсыз болуп жаткан чет элдик жаран изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, куткаруучулар саат 07:25те “Семенов Тянь-Шаньский” чокусун көздөй жол тартышты.
Анткени 14-июлда 32 жаштагы К.С. аттуу чет өлкөлүк жаран Ала-Арча капчыгайындагы “Семенов Тянь-Шаньский” чокусуна чыгып, байланыш жок болуп жаткандыгын туугандары билдиришкен.
Издөө иштерине ӨКМдин “Эделвейс” тоодо куткаруу кошуунунан 6 куткаруучу жөнөтүлгөн. Алар кечки саат 21:20да Ала-Арча капчыгайындагы “Хижина Рацека” альплагерине жетишип, түнөккө калышкан.
Издөө иштери улантылат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом