«Ош» базарына жаңы тротуар салынат

«Ош» базарына жаңы тротуар салынат

Жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуз өтүүсү үчүн «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы Чүй кең көчөсүн бойлой Павлов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин,  түштүк тарабында узундугу 675 погон метрди түзгөн тротуардын капиталдык курулушун баштады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Эски асфальтты кыруу, жарнамалык баннерлерди, көрнөк-жарнамаларды демонтаждоо иштери башталды.

Атайын техника иштегенине карабай,  шаардыктар тосулган аймакка кирип кеткендиктен, күндүз иштөө шаардыктар үчүн да, кызматкерлер үчүн да кооптуу болуп жатат. Андыктан иш негизинен түштөн кийин жана кечки саат 22:00-23:00гө чейин жүргүзүлөт.

Иш эки этап менен жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө Чүй кең көчөсүн бойлото Бейшеналиева көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин ирригациялык системаны орнотуу иштери башталды. Экинчи этап, Бейшеналиева көчөсүнөн Павлов көчөсүнө чейин барат.

“Урматтуу шаардыктар! Тротуардын капиталдык курулушуна түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранабыз, анткени биз бардыгын шаардын жана шаардыктардын ыңгайы үчүн жасап жатабыз!”, — деп кайрылат Бишкек мэриясы.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>