Жапаров чиновникке: 100 мектеп бүтпөсө, бир дагы мамкызматка алынбайсыз

Жапаров чиновникке: 100 мектеп бүтпөсө, бир дагы мамкызматка алынбайсыз

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 20-июлда өкмөттүн жыйынында Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркуловго 2024-жылдын 1-январына карата өлкө боюнча 100 мектептин курулушун бүткөрүүнү тапшырды. Болбосо мындан ары мамлекеттик кызматка алынбай турганын эскертти.

Жыйында Жыпаркулов президенттин тапшырмасы менен быйыл өлкө боюнча 100 мектептин курулушун бүткөрүү пландалганын айтып, бирок жумушчулар жетпей жатканын билдирди. Ага байланыштуу ал район акимдерине кайрылып, жумушчуларды табууга жардам берүүнү суранды.

«Алдыда 5-6 ай калды. Ушул маселе боюнча жардам берип койсоңуздар», — деди ал.

Андан кийин сөздү Акылбек Жапаров алып, 100 мектеп убагында бүткөрүлүшү керектигин айтты.

«30 мектеп сентябрга чейин бүтөт экен. 70 мектеп эптеп-септеп башталып келе жатат. Каржылоо боюнча маселе болду. Бирок алдыда дагы 6 ай бар. 1-январга чейин бүтпөй турган болсо, экинчи бир дагы мамлекеттик кызматка алынбайсыз, уктуңузбу?! Садыр Нуркожоевич 100 мектеп быйыл бүткөрөбүз деп айттыбы, алар бүткөрүлүшү керек», — деди ал.

Сөзүн улай ал өлкөдө курулушучулардын жетишсиздиги бар экенин айтып, аларды чет жерден чакыруу керектигин белгиледи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>