Баткенде уурдалган унааны сатып жиберген аял Бишкектен кармалды

21.07.2023 | 10:05

Баткенде уурдалган унааны арзан сатып, изин жашырып кеткен аял кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Араван районунун Төө-Моюн айылынын 35 жаштагы тургуну милиция жазган арызында, ушул жылдын 9-ноябрында ага бейтаныш болгон аял анын ишеничине кирип, Mercedes-Benz унаасын 170 миң сомго сатып жиберип, изин жашырып кеткенин билдирген.

“Арадан 3 күн өтүп унаа Жалал-Абад облусунан уурдалгандыгы аныкталган. Ал эми сатып алган айдоочу Кызыл-Кыя ШИИБге арыз менен кайрылган. Бул иш сотко чейинки өндүрүшкө алынып, шектүү аял  Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну экени аныкталган. Тергөө иштеринин натыйжасында аял Бишкек шаарынан кармалган”, – деп айтылат маалыматта.

Шектүү аял мурда уурулук беренеси менен сот жообуна тартылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top