Кыргызстандын жасалма паспорту менен чет элдик жаран кармалды

Кыргызстандын жасалма паспорту менен чет элдик жаран кармалды

Кыргызстандын жасалма жалпы жарандык паспортун колдонуп жүргөн чет элдик жаран кармалды, деп билдирет КМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан Кыргызстандын улуттук коопсуздук системасына терс таасирин тийгизген факторлорду жана шарттарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында 2023-жылдын 19-июлунда Кыргызстандын жаранынын паспортторун мыйзамсыз даярдоонун каналы аныкталды.

Тактап айтканда, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргызстандын жасалма жалпы жарандык паспортун колдонуп жүргөн чет элдик жаран М.М. кармалды.

“20-июлда кармалган жаран Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>