Баткенде уурдалган унааны сатып жиберген аял Бишкектен кармалды

Баткенде уурдалган унааны сатып жиберген аял Бишкектен кармалды

Баткенде уурдалган унааны арзан сатып, изин жашырып кеткен аял кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Араван районунун Төө-Моюн айылынын 35 жаштагы тургуну милиция жазган арызында, ушул жылдын 9-ноябрында ага бейтаныш болгон аял анын ишеничине кирип, Mercedes-Benz унаасын 170 миң сомго сатып жиберип, изин жашырып кеткенин билдирген.

«Арадан 3 күн өтүп унаа Жалал-Абад облусунан уурдалгандыгы аныкталган. Ал эми сатып алган айдоочу Кызыл-Кыя ШИИБге арыз менен кайрылган. Бул иш сотко чейинки өндүрүшкө алынып, шектүү аял  Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну экени аныкталган. Тергөө иштеринин натыйжасында аял Бишкек шаарынан кармалган», — деп айтылат маалыматта.

Шектүү аял мурда уурулук беренеси менен сот жообуна тартылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>