Көптөгөн кыргызстандыктар акыркы күндөрү туура эмес акча кармалып, карталарынын бөгөттөлүшү менен туш болуштуКыргызстан менен Тажикстан соода жана энергетика жаатында кызматташууну бекемдейтАкыркы үмүт. Наталья Наговыцинадан кабар алуу үчүн дрон колдонулатБишкекте Чүй – Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинин түштүк бөлүгү ачылдыОштогу Учар көрүстөнүн рекультивациялоо иштери башталдыКыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор жок – Ташиев
Кыргызстанда жыл башынан бери 69 адам сууга чөгүп каза болду
22.07.2023 | 11:10
Кыргызстанда 2023-жылдын башынан тарта 21-июлга чейинки аралыкта 69 адам сууга чөгүп каза болгон. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 23%га өскөн.
“Көлгө, дарыяларга, кичи көлмөлөргө, агын сууларга чөгүп каза болгондордун арасында эркек, аял, өспүрүмдөр, ал тургай наристелер да бар. Бул сан эс алуу учурунда ар бир адам суу коопсуздук эрежелерин так сактоого, балдарын көзөмөлдөөгө чакырык таштайт”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар