Ысык-Көлдө уурдап кетишти делген өспүрүм бала Чүйдөн табылды

Ысык-Көлдө уурдап кетишти делген өспүрүм бала Чүйдөн табылды

Ысык-Көл облусундагы эс алуу борборлорунун биринен дайынсыз жоголгон өспүрүм бала Чүй облусунун аймагынан аман-эсен табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-июлда Ысык-Көл РИИБге Чүй облусунун Д.А. аттуу тургуну 13 жаштагы баласы белгисиз адамдар тарабынан уурдалгандыгын билдирген. Билдирүүгө ылайык, окуя Бостери айылындагы эс алуу борборлорунун биринин  жээгинде саат 08:30 чамасында болгон.

Билдирүү райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, кечиктирилгис ыкчам-издөө иш-чаралары башталган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, ошол эле күнү саат 21:00 чамасында Чүй облусунун аймагында өспүрүм аман-эсен табылып, энесине тапшырылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары уланууда.

Тергɵɵнүн жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымдалат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>