Ысык-Көлдө милиция эс алууга келгендердин коопсуздугун кароодо

31.07.2023 | 12:51

Ысык-Көлгө эс алууга келген жарандардын коопсуздугу милиция кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин Күзөт кызматы, аймактагы милиция кызматкерлери Ысык-Көлгө эс алууга келген туристтердин, жарандардын коопсуздугун сактоо боюнча кайгуул иштерин жүргүзүүдө.

“Бул багытта ИИМдин Күзөт кызматынын жетекчилиги тарабынан атайын иш-мерчем иштелип чыгып, жарандарга сылык мамиле жасоо, жүрүм-турум сактоо боюнча саптык нускамалар өткөрүлүп, коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча тапшырмалар коюлган. Эс алуу күндөрү  “Алтын Балалык”, “Ала-Тоо”, “Көгүлтүр Ысык-Көл” эс алуу жайларында ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери жарандар менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү”, – деп айтылат маалыматта.

Министрликтен белгилешкендей, жарандар милиция кызматкерлеринин ишине ыраазы болушуп, алкыштарын айтышкан.

[image_carousel source=”media: 195147,195145″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top