Ысык-Көлдө милиция эс алууга келгендердин коопсуздугун кароодо

Ысык-Көлдө милиция эс алууга келгендердин коопсуздугун кароодо

Ысык-Көлгө эс алууга келген жарандардын коопсуздугу милиция кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин Күзөт кызматы, аймактагы милиция кызматкерлери Ысык-Көлгө эс алууга келген туристтердин, жарандардын коопсуздугун сактоо боюнча кайгуул иштерин жүргүзүүдө.

«Бул багытта ИИМдин Күзөт кызматынын жетекчилиги тарабынан атайын иш-мерчем иштелип чыгып, жарандарга сылык мамиле жасоо, жүрүм-турум сактоо боюнча саптык нускамалар өткөрүлүп, коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча тапшырмалар коюлган. Эс алуу күндөрү  «Алтын Балалык», «Ала-Тоо», «Көгүлтүр Ысык-Көл» эс алуу жайларында ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери жарандар менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү», — деп айтылат маалыматта.

Министрликтен белгилешкендей, жарандар милиция кызматкерлеринин ишине ыраазы болушуп, алкыштарын айтышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>