ЖККУ чек араларындагы НАТОнун аскердик инфраструктурасына тынчсызданууда — Таалатбек МасадыковПрезидент Садыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен барды16-сентябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолуКыргызстанда РФ Мамлекеттик Думасына шайлоо үчүн төрт шайлоо тилкеси ачылатКыргыз-Кытай технологияларды трансферлөө борборунун филиалы ачылдыКыргызстан менен Корея соода жана инвестиция жаатында кызматташуу меморандумуна кол коюшту
Борбор калаада 220 таштанды аянтчасы оңдолот
31.07.2023 | 12:25
Борбор калаада 220 таштанды аянтчасы оңдолот. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришет.
«Тазалык» муниципалдык ишканасы Бишкек шаарындагы таштанды аянтчаларын жууп-тазалоо, контейнерлерди оңдоо, сырдоо, дөңгөлөктөрдү алмаштыруу иштерин улантууда.
Ар бир райондо экиден бригада иштеп жатат. Бир айдын ичинде шаар боюнча 220 таштанды аянтчасы жана 1200дөй контейнер оңдолду.
“Таштанды аянтчаларынын толук жараксыз болушу бул таштандыларды башаламан чачууга, айлананын көркүн бузуп, ар кандай жугуштуу ооруларды жугузууга шарт түзөт. Ошондуктан “Тазалык” муниципалдык ишканасы биринчи кезекте таштанды таштоочу жайлардын тазалыгына жана толук иштешине көңүл бурат”, – деп жазылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар