Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайы
Орусияда кыргызстандык аял өлтүрүлдү. ТИМ чоо-жайын айтты
07.08.2023 | 22:40
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Москва облусунун Дмитров шаарында кыргызстандык аялдын өлтүрүлүшү боюнча комментарий берди.
Ведомствонун маалыматына караганда, маркум аял – 1979-жылы туулган А.А.М. жана аны өлтүрүүгө шектелип кармалган 1978-жылы туулган (эркек киши) Ч.М.А. Кыргызстанда туулган Орусиянын жарандары болуп саналат.
Элчилик өз компетенциясынын чегинде маркумдун жакындарына керектүү консулдук жана юридикалык жардам көрсөтүүгө даяр.
Буга чейин социалдык тармакта эс-учун жоготуп, канга боёлуп жаткан аял тартылган видео пайда болгон. Артында ыйлап жаткан кыз эки эркектин кетпей туруусун талап кылып жатканын көрүүгө болот. Анткени ал жерге полиция келе жаткан. Аял алган жараатынан улам каза болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом