ЖРТга даярдануу үчүн «Булак» мобилдик тиркемеси ишке киргизилдиКыргызстан үчүн ЕАЭБдин өнөр жай долбоорлоруна катышуу шарттары жөнөкөйлөтүлөт2026-жылы бизнес кимди издеп жатат жана канча төлөөгө даяр?Кыргызстандагы россиялык инвесторлор саясий тобокелдиктерден камсыздандырылатЖакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушунан улам Brent мунайынын баасы бир баррелине 112 доллардан аштыКыргызстан парламентте аялдардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат
Бишкек мэриясынын мурдагы аппарат жетекчиси Касен Адыранов каза болду
11.08.2023 | 21:38
Бишкек шаардык мэриясынын мурдагы аппарат жетекчиси Адыранов Касен Токтомушевич жол кырсыктан каза болду. Бул тууралуу анын жакын досу Кошойбек Алыкулов билдирди.
Кырсык 11-августта Кочкор районунда болгон.
Ал көп жылдар бою Бишкек шаардык мэриясынын аппаратынын, Бишкек шаардык кеңешинин аппаратынын жетекчиси болуп иштеген. Ошондой эле, Жогорку Кеңеште эксперт болуп, өкмөттө да эмгектенген.
Касен Адырановдун сөөгү 12-августта саат 14:00дө Ат-Башы районунун Ак-Талаа айылында жерге берилет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом