Адылбек Касымалиев Минскте Александр Лукашенко менен жолугуштуКыргызстан менен Италиянын соода палаталары кызматташуу боюнча меморандумга кол койдуКУУнун окутуучусу бешинчи ирет Азия чемпиону болду — окуу жай жеңишти белектер менен белгиледиЭрлан Шеров Азия оюндарында дзюдо боюнча күмүш медаль утту«Бишкекгаз» 5–7-октябрда Бишкектин ири аймагында газды өчүрөтМаммүлктү башкаруу агенттигинде 336,7 млн сомдук жана $3,6 млндук мыйзам бузуулар аныкталды — Эсептөө палатасы
15 жылдан бери издөөдө жүргөн кыргызстандык Астанада кармалды
11.08.2023 | 22:27
15 жылдан бери издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран Астанада кармалды. Бул тууралуу казакстандык ЖМКлар жазды.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери тарабынан мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 37 жаштагы Кыргызстандын жараны кармалды.
Ал 2008-жылдын октябрь айында ишенимге кирип алып, уюлдук телефондорду ээлеп алган деп айыпталган.
2010-жылы Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы ага карата мамлекеттер аралык издөө жарыялаган.
Кармалган адам Астана шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом