Легендарлуу америкалык мушкер Рой Жонс Ош шаарына келдиКРСУда Михаил Ботвинник атындагы шахмат клубу ачылдыМээрим Жуманазарова Азия оюндарында коло медаль уттуБишкектеги транспорт: бүгүн борбор калаада эмнелер менен жүрүүгө болотКабмин НИИЖСТО жетекчилигин чечимдерди создуктурганы үчүн сынга алды1-октябрь: көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу жерлерде карга айланат
КМШ оюндары: Боксчу Эмир Кылычбеков коло медаль утту
11.08.2023 | 21:00
Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасы мүчөсү Эмир Кылычбеков Беларусиянын Орша шаарында КМШ оюндарынын алкагында өтүп жаткан мелдеште коло медаль тагынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен маалымдашты.
Маалыматка караганда, спортчу 57 кг чейинки салмакта катышкан.
Ал 1/4 финалдык беттеште түркменистандын мушкерин жеңген. Андан кийин 1/2 финалдык беттеште беларус мушкерине жеңилип калды.
Жыйынтыгында Эмир Кылычбеков коло медалга ээ болду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт