Үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Бишкекте 76 жаштагы карыя изделүүдөБишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу өчүрүлөтБалыкчыда мурда соттолгон жарандардан дээрлик 3 килограмм баңгизат табылдыСадыр Жапаров Ош шаарынын мэрине катуу сөгүш жарыяладыКыргызстандык Мэри Кувакова «Аалам сулуусу» сынагына катышатКытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу. Курулуш иштерин тездетүү тапшырылды
Садыр Жапаров Венгрияга иш сапары менен барды (видео)
20.08.2023 | 16:16
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-августта Венгриянын борбору Будапешт шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Президенттин учагы Будапешт шаарындагы Ференц Лист атындагы аэропортко конду. Жапаровду Венгриянын юстиция министри Бенце Тужон тосуп алды.
Жапаров Будапештке Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен барган. Ал Венгриянын улуттук майрамына жана жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатына карата иш-чараларга катышат.
Ошондой эле, иш сапарынын алкагында Жапаров Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, башка чет элдик лидерлер менен катар башка иш-чараларга катышат.
Кыргызстандын расмий делегациясынын курамы:
- Жээнбек Кулубаев – тышкы иштер министри;
- Муратбек Азымбакиев – президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
- Талантбек Кушчубеков – Кыргызстандын Венгриядагы элчиси.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом