Балыкчыда мурда соттолгон жарандардан дээрлик 3 килограмм баңгизат табылды

16.09.2025 | 19:17

Балыкчы шаарында укук коргоо органдары дээрлик 3 килограмм баңгизат менен эки жаранды кармашты. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Почти 3 килограмма наркотиков нашли у ранее судимых мужчин в Балыкчи — Новости Кыргызстана

«Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 5-сентябрда Балыкчы шаарындагы унаа токтоочу жайда токтоп турган Honda Accord унаасынын ичинен 1 килограмм 450 грамм баңгизат табылган. Унаа мурда соттолгон 56 жаштагы С.Ага таандык болгон.

Мындан тышкары шектүүнү тинтүү учурунда анын көйнөгүнүн төш чөнтөгүнөн салмагы 20 граммды түзгөн, коютулган баңгизат табылган.

Укук коргоо кызматккерлери кармалган жаран жашаган көп кабаттуу турак үйдүн чатырын тинтишкен. Ал жактан салмагы 1 кг 140 грамм болгон баңгизат, ошондой эле 100 граммдан турган 2 даана этил спирти жана баңгизат колдонууга арналган атайын шаймандар табылып алынган.

Почти 3 килограмма наркотиков нашли у ранее судимых мужчин в Балыкчи — Новости Кыргызстана
Почти 3 килограмма наркотиков нашли у ранее судимых мужчин в Балыкчи — Новости Кыргызстана
Почти 3 килограмма наркотиков нашли у ранее судимых мужчин в Балыкчи — Новости Кыргызстана
Почти 3 килограмма наркотиков нашли у ранее судимых мужчин в Балыкчи — Новости Кыргызстана

Сурак берүү учурунда С.А. чатырдан табылган наркотиктер ага жана ошол эле үйдөгү батирлердин биринде жашаган 55 жаштагы таанышы А.Тга таандык экенин билдирген. А.Т. мурда соттолгону аныкталган. Эки жаран тең убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Тергөө иштери уланууда.

Scroll to Top