«Балага сүйүнчү»: Кыргызстанда төлөмдү алуу эрежелерин өзгөртүү сунушталуудаКыргызстан менен Монголия жашылча-жемиштерди жана кургатылган мөмөлөрдү жеткирүүнү талкуулаштыКыргызстанда айрым полимердик пакеттерди жана пластмасса буюмдарын өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынат«Кыялым орундалды»: Айсулуу Тыныбекова «Полчанки 2» тасмасындагы ролу тууралууБишкекте №37 жаңы автобус каттамы ишке кирдиЧет өлкөдө берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүк «Санарип документтер» бөлүмүндө пайда болот
Токмокто Ислам академиясы ачылды
15.09.2025 | 16:02

Бүгүн, 15-сентябрда президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Токмок шаарында жаңы Ислам академиясынын ачылышына катышты. Мамлекет башчысы аны «салттуу ислам баалуулуктарына таянган билим жана илим борбору» катары мүнөздөп, жаштарды радикализмден коргоого жана сапаттуу теологиялык билим берүүгө багытталганын белгиледи.
Академия 400 студентке ылайыкталган, кампустун курамында окуу корпустары, жатакана жана спортзал бар. Мекеме ислам теологиясы менен катар ислам финансылык системалары боюнча билим берүүнү да жолго коёт.
Президенттин айтымында, бул окуу жай Кыргызстанды гана эмес, бүтүндөй Борбор Азияны диний билим берүүдө жаңы деңгээлге чыгарат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом