ӨКМ Чүй, Талас облустарынын айыл өкмөттөрүнө жана мэрияларына айып пул салдыБишкекте №1, №243 жана №226 автобустардын кыймыл жолу убактылуу өзгөртүлдүТүтүн, дөңгөлөк жана адреналин: «Ганси» автодромунда дрифт боюнча чемпионат өттүБишкекте жигиттер мушташып, аларды милиция кармадыКайыңды шаарындагы бала бакча жана маданият үйү мамлекетке кайтарылды — УКМКБыйыл өлкөдө 2,7 миңден ашык өрт кырсыгы катталып, 34 адам каза тапты
Россияда массалык мушташ учурунда кыргызстандык бычактан жараат алды
29.08.2023 | 10:28
Россиянын Москва облусундагы Электросталь шаарында массалык мушташ учурунда Кыргызстандын жараны бычактан жараат алды. Бул тууралуу «База» Телеграм каналы жазды.
Маалыматка караганда, мушташкандар “Вайлдберриз” интернет дүкөнүнүн кампасында иштеген жумушчулар болушат.
Окуя 27-августта эртең менен болгон. Чыр кайым айтыштан башталып, мушташка 40ка жакын адам катышкан. Алардын айрымдарынын колунда бычак болгон. Мушташ учурунда бычактан жараат алган Кыргызстандын 22 жаштагы жана Россиянын 21 жаштагы жараны ооруканага жаткырылган.
Мушташка байланыштуу “бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Полиция чырды баштагандар менен мушташка активдүү катышкандарды издөөдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз