Эгемендик күнүнө карата 11 миңдей милиционер коомдук тартипти карайт

Эгемендик күнүнө карата 11 миңдей милиционер коомдук тартипти карайт

Эгемендик күнүнө карата 11 миңден ашык милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 30-августтан 1-сентябрга чейин Эгемендик күнүнө арналган майрамдык иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, укук бузуулардын, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында ИИМдин өздүк курамы «Жогорулатылган» күжүрмөн тартипте кызмат өтөөгө өтөт.

«Учурда жер-жерлерде саптык кароолор өткөрүлүп, анда милиция кызматкерлеринин сырткы келбети, кызматтык форманы белгиленген тартипте кийип жүрүүсү, кызматтык документтери текшерилип жатат», — деп билдиришти министрликтен.

ИИМден белгелешкендей, ар бир аймактарга жооптуу жетекчилер бекитилип, кызматкерлерге кызматтык милдетти так аткарып, жарандар менен сылык мамиледе болуп, мыйзамдуулукту сактоо боюнча нускамалар өткөрүлүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>