Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев өз каалоосу менен кызматтан кеттиАкыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин 4 балалуу энеге 151 миң сом алимент өндүрүлдүЭкономика өсүш менен башталды, бирок баалар да калышпайт. 2026-жылдын январь айынын корутундусуКыргызстандын жана Россиянын энергетиктери Жогорку Нарын ГЭС каскады долбоору боюнча кадамдарды белгилешти«Ала-Арча» паркына курулган жаңы асма жол расмий түрдө ачылдыБишкек Брюсселдин бутасында: Евробиримдик Кыргызстанга санкция киргизиши мүмкүнбү?
Актан Арым Кубат Франциянын искусство жана адабият орденинин кавалери болду
30.08.2023 | 23:05
Кыргызстандын эл артисти, белгилүү кинорежиссёр Актан Арым Кубат Франциянын маданият министрлигинин искусство жана адабият орденинин кавалер наамын алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган даражалуу сыйлык 1957-жылы Францияда негизделген. Ал Францияда жана дүйнөдө искусство жана адабиятты өнүктүрүүгө зор салым кошкондорго ыйгарылат. Буга чейин аталган сыйлык дүйнөдө саналуу гана инсандарга ыйгарылган.
Эске салсак, Актан Арым Кубаттын “Бешкемпир”, “Маймыл”, “Свет аке”, “Кентавр”, “Эсимде” тасмалары Франция менен биргеликте тартылган. Кыргыз кинорежиссёру Канн эл аралык кинофестивалынын расмий программасына катышып, Европа киноакадемиясынын мүчөсү болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы