TikTok’ту жабуу чечиминде эч кандай геосаясий өңүт жок, — министрлик

TikTok’ту жабуу чечиминде эч кандай геосаясий өңүт жок, — министрлик

Кыргызстанда “TikTok” социалдык тармагын жабуу чечиминде эч кандай геосаясий өңүт жок. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бул чара балдардын адеп-ахлактык тарбиясына терс таасирин тийгизип, психологиялык саламаттыгына зыян келтирүүчү маалыматтардан коргоого гана багытталган.

«“ТикТок” социалдык тармагында балдардын ден -соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн чектеген функция жок. Ошондой эле анда тиркемедеги маалыматка кирүү учурунда колдонуучулардын жаш категориясын көзөмөлдөө функцияларын камсыз кылуу каралган эмес.

Жогоруда айтылгандардын негизинде жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жолдонгон көптөгөн кайрылууларды эске алуу менен, министрлик TikTok кызматын токтотуу чечимин кабыл алды», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин өлкөдө TikTok’ту жабуу чечими кабыл алынганы маалымдалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>