8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалдыЕӨБ Кыргызстандагы «жашыл» жана энергетикалык долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу маалымдадыПрезидент жол эрежесин бузгандардан жеринде тест алуу боюнча мыйзам долбоорду эмнеге артка чакыртканын түшүндүрдүЖайылда жубайын жана уулун сабаган деп шектелип, 35 жаштагы жаран кармалды
Бишкекте жарым марафон өтөт
04.09.2023 | 21:43
Бишкек шаарында 24-сентябрда жарым марафон старт алат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, ага ар кайсы өлкөлөрдөн кесипкөй спортчулар жана жөө күлүктөр катышат. Алар: 21 км 97 м, 10000 м, 3000 м, скандинавтык басуу: 10000 м жана 3000 м аралыктарга катышат. Жарыштын катышуучулары ошол эле жерде марага чыгышат.
Жарыш саат 8:00дө «Газпром» спорттук-эс алуу комплексинен Жайыл-Баатыр №66 көчөсүнө чейин болот.
Жарым марафондун уюштуруучулары: Бишкек шаарынын мэриясы, Жеңил атлетика федерациясы, «Эл аралык марафондун дирекциясы» коомдук бирикмеси жана Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгы.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт