Бишкекте мончолор текшерилүүдө

Бишкекте мончолор текшерилүүдө

Бишкек шаардык мэриясы шаардагы мончолорду текшерип баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, муниципалдык инспекторлор комиссиясынан, Жаратылыш ресурстар министрлигинен, РИИБден, Борбордук мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринен турган туруктуу топ тыюу салынган заттардын күйүү фактыларын аныктоо боюнча рейддерди баштады.

«Бир жуманын ичинде 27 мончо эко тесттен өттү. Шаардыктардын суроо-талабы боюнча «С легким паром», «Фрунзе», «Датка» мончолору да текшерилди. Тыюу салынган буюмдарды күйгүзүү фактылары аныктала элек, бардыгы газ менен жылытууга өтүп, жеке үйлөрдөгү мончолор көмүр жана отун менен жылытылат», — деп айтылат маалыматта.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган инспекция тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, зыяндуу заттардын күйүп кетүүсүнүн алдын алуу боюнча эскертүүлөр тапшырылды.

Муниципалдык инспекция зыяндуу заттарды өрттөө Кылмыш-жаза кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгү боюнча 7500 сомдон 23000 сомго чейин айып салууга алып келерин эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>