Айтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылдыБишкектин окуучулары Кыргызстандан чыккан биринчи космонавт Салижан Шарипов менен жолугуштуБишкекте 6 күндөн бери изделип жаткан өспүрүмдүн сөөгү табылдыДүйнөгө мунай баасынын кескин секириги коркунуч туудурабы жана Борбордук Азия Ормуз кысыгын алмаштыра алабы — АбдыровБишкектин Түндүк айланма жолуна жаңы транспорттук түйүн курула баштады
Жогорку Кеңешке 810 млн сомдон ашык каражат жумшалды
05.09.2023 | 22:13
Сегиз айда Жогорку Кеңешти кармоого бюджеттен 810,1 миллион сом сарпталды. Бул маалыматтарды Каржы министрлиги билдирди.
Анын 510,2 миллион сому эмгек акыга кеткен. Ошого жараша Социалдык фондго чегерүү 68 миллион сомду түздү.
Парламенттин чыгашаларынын эң чоң беренелери айлык акыларды эсепке албаганда, башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу – 65,7 млн сом, имараттар жана жабдуулар – 87 млн сомду, машиналар жана жабдууларга кеткен чыгым – 48,6 млн сомду түздү.
Кошумчалай кетсек, бул аралыкта Жогорку Кеңеш калкка социалдык жардам көрсөтүү үчүн 180 миң сом гана бөлгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар