Кыргызстан менен россиялык компания өлкөдө өстүрүлгөн балыкты экспорттоону пландаштыруудаТаш-Көмүр – Кербен жолундагы сел алып кеткен көпүрө калыбына келтирилүүдөНоокенде селден жабыркаган турак жай ээлерине камсыздандыруу төлөмдөрү берилдиToonDook Festival: дүйнөлүк анимациянын белгилүү өкүлдөрү Бишкекке келишет«Кең-Сай» өткөрмө пунктунда маркаланбаган 19,6 тонна күрүч жана куркума Пакистанга кайтарылдыПрезидент бир катар ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды ыйгарды
Жогорку Кеңешке 810 млн сомдон ашык каражат жумшалды
05.09.2023 | 22:13
Сегиз айда Жогорку Кеңешти кармоого бюджеттен 810,1 миллион сом сарпталды. Бул маалыматтарды Каржы министрлиги билдирди.
Анын 510,2 миллион сому эмгек акыга кеткен. Ошого жараша Социалдык фондго чегерүү 68 миллион сомду түздү.
Парламенттин чыгашаларынын эң чоң беренелери айлык акыларды эсепке албаганда, башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу – 65,7 млн сом, имараттар жана жабдуулар – 87 млн сомду, машиналар жана жабдууларга кеткен чыгым – 48,6 млн сомду түздү.
Кошумчалай кетсек, бул аралыкта Жогорку Кеңеш калкка социалдык жардам көрсөтүү үчүн 180 миң сом гана бөлгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар