Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоо көбөйүүдө: жуманын ичинде 8 миң учур катталдыВиктор Козодой: «Кыргыз цивилизациясы — дүйнөнүн бешинчи дарыялык цивилизациясы»«Ала-Арча» резиденциясында ачылган мектеп менен бала бакчага кабыл алуу башталдыЭнергетика министри Кара-Кечедеги көмүр казууларды текшерди: дефицит жокКыргызстанда жаңы футбол клубу түзүлдү. Аны Өмүрбек Бабанов каржылайтБишкектин бир районунда 20-ноябрда суу убактылуу өчүрүлөт
Салык кызматы 8 айда 158 млрд сомдон ашык акча чогултту
06.09.2023 | 13:11
Мамлекеттик салык кызматы быйыл 8 айда 158 млрд 25,9 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка караганда, белгиленген план 2,1 млрд сомго ашыгы менен аткарылган. 2022-жылдын 8 айына салыштырмалуу 26,1 млрд сомго көп жыйналган.
Чогулган сумманын 116 млрд 551,7 млн сомун салык жана төлөмдөр, ал эми 41 млрд 474,2 млн сомун камсыздандыруу төгүмдөрү түзөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз