Өмүрбек Бакировдун ордуна Жогорку Кеңешке келген депутат ант берди

Өмүрбек Бакировдун ордуна Жогорку Кеңешке келген депутат ант берди

Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Равшанбек Рысбаев ант берди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, ал мурдагы депутат Өмүрбек Бакировдун ордуна келди.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Бакиров менен Равшан Рысбаев 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо Ош облусундагы №4 Көк-Жар округу боюнча депутаттыкка ат салышып, атаандаш болушкан. Шайлоодо Бакиров көп добуш алып, депутаттык мандатка ээ болгон. Шайлоодо экинчи орунду алган Рысбаев аны добуш сатып алууга айыптап чыккан. Бирок анда бул маселе Өмүрбек Бакировдун пайдасына чечилген.

Бирок 2022-жылы декабрь айында Равшан Рыспаев жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек административдик сотуна кайрылганы белгилүү болгон. Кийинчерээк Бишкек административдик соту №4 Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу чечим чыгарып, соңунда Жогорку сот да ал чечимди күчүндө калтырган. Жогорку соттун чечимине ылайык БШК Бакировду депутаттык мандаттан ажыраткан. Ал эми бош калган мандат Равшанбек Рысбаевге берилген.

Өмүрбек Бакиров депутаттык мандатынан ажырады

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>