Эркин Болжуров — фотография, кино, президенттер жана живописке кайтуу жөнүндөОшто жеке үйдөгү өрттөн үч бала каза болду, алардын атасы ооруканадаУлуттук банк жасалма QR-коддор менен алдамчылык тууралуу эскерттиКыргызстанда бизнести санитардык текшерүүнү 2028-жылдан тарта видеого тартуу сунушталуудаБишкек — Нарын — Торугарт унаа жолундагы көпүрөгө мурдагы министрдин ысымын берүү сунушталууда — долбоор15-ноябрга карата аба ырайы: эртең менен туман, тоолордо кар жаайт
Салык кызматы 8 айда 158 млрд сомдон ашык акча чогултту
06.09.2023 | 13:11
Мамлекеттик салык кызматы быйыл 8 айда 158 млрд 25,9 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка караганда, белгиленген план 2,1 млрд сомго ашыгы менен аткарылган. 2022-жылдын 8 айына салыштырмалуу 26,1 млрд сомго көп жыйналган.
Чогулган сумманын 116 млрд 551,7 млн сомун салык жана төлөмдөр, ал эми 41 млрд 474,2 млн сомун камсыздандыруу төгүмдөрү түзөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз