Кыргызстанга инвестиция: Түркия негизги инвесторлордун арасында үчүнчү орунга чыктыМаданият министрлиги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрдүКыргызстандын илим министри британ элчиси менен билим берүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү талкууладыЖогорку Кеңештин комитети мамлекеттик гимндин жаңы варианттарын четке кактыТрамп Түштүк Кореядан келген товарларга импорттук тарифтерди 25%га чейин жогорулатты2025-жылы Кыргызстан менен Азербайжандын товар жүгүртүүсү 10 млн долларга жетти
Алымкадыр Бейшеналиев кайра саламаттык сактоо министрлигин жетектейт
07.09.2023 | 15:16
Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Бейшеналиевдин талапкерлиги министр кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашууга жөнөтүлгөн.
Белгилей кетсек, буга чейин саламаттык сактоо министри болуп келген Гүлнара Баатырова кызматтан бошотулуп, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом