Бишкекте чыр: блогер соттук-медициналык экспертизанын кызматкери менен тил табыша алган жокАйыл чарба министрлиги кайра иштетүүчүлөр менен уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөтүүнү талкууладыЖапаров Бердымухамедов менен жолукту — эмнелер талкууландыКыргызстанда калктуу конуштарда көчмө май куюучу жайларга тыюу салуу сунушталуудаБишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөтЖапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады
Алымкадыр Бейшеналиев кайра саламаттык сактоо министрлигин жетектейт
07.09.2023 | 15:16
Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Бейшеналиевдин талапкерлиги министр кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашууга жөнөтүлгөн.
Белгилей кетсек, буга чейин саламаттык сактоо министри болуп келген Гүлнара Баатырова кызматтан бошотулуп, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом