Экстремизмге каршы күрөшүү: Чүйдөгү үйлөрдөн курал-жарактар табылдыApple бүктөлмө iPhone, iPhone 18 жана жаңы Watch сааттарын сунуштады — бет ачардын негизги жаңылыктарыКырчын жайлоосунда боз үйлөр тигилген жерлерге газон себилет10-сентябрга карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуКыргызстан менен орусиялык компания өлкөдө өстүрүлгөн балыкты экспорттоону пландаштыруудаТаш-Көмүр – Кербен жолундагы сел алып кеткен көпүрө калыбына келтирилүүдө
УКМК: Президенттин жардамчысынан $300 миң опузалаган адам кармалды (видео)
07.09.2023 | 15:40
Президент Садыр Жапаровдун жардамчысынан 300 миң доллар опузалаган адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, шектүү катары Инвестицияларды коргоо агенттигинин мурдагы директору А.Д.Б. (Данияр Акматов) кармалган. Акматов президенттин жардамчысынан, ага тиешелүү чагымчыл материалдар бар, аны ММКларга чыгарам деп коркутуп, 300 миң доллар опузалаган деп шектелүүдө.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (Опузалап акча талып кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
УКМКдан билдиришкендей, Данияр Акматов 6-сентябрда опузалаган акчасынын бир бөлүгүн алып жатканда колго түшүрүлгөн.
Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз