Ала-Арча жаратылыш паркына дүйнөлүк стандарттагы родельбан курулатСадыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурларАгартуу министрлиги окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн ачык сынак жарыяладыБооом капчыгайында беш күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөтЭми Tunduk аркылуу дарыгерди үйгө чакырууга болотБорбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилди
Видео: Бишкекте кафенин кызматкери уктап жатканда телефону уурдалган
14.09.2023 | 14:32
Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 9-сентябрга караган түнү болжол менен саат 03:30да Чүй менен Кулиев көчөсүндөгү кафеде кызматкер уктап жатканда белгисиз жаран 45 миң сомдук IPhone X телефонун уурдап кеткен. Бул боюнча кафенин кызматкери милицияга кайрылган.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 32 жаштагы Т.Ш. аттуу жаран кармалган. Шектүү райондук милициянын тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда иликтөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз