Министрлик «ачка калбайлы деп, иттин этин жейбиз» деген үй-бүлө боюнча үн катты

Министрлик «ачка калбайлы деп, иттин этин жейбиз» деген үй-бүлө боюнча үн катты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «ачка калбайлы деп, иттин этин жейбиз» деген үй-бүлө боюнча үн катты.

Министрлик билдиргендей, аталган үй-бүлөгө мындан мурдараак тиричилик техникасы жана коңшулары тарабынан жарым миллион сом акча берилген.

Маалым болгондой, аталган үй-бүлө Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан Бишкекке көчүп келип, ижарага алынган батирде жашайт. Үй-бүлө башчысы ар кандай  жумуштарда иштеп жан багат. Алар министрликтин Бишкектеги Свердлов райондук башкармалыгында турмуштук оор кырдаалдагы үй-бүлө катары каттоодо турат. Башкармалыктын кызматкерлери тарабынан үй-бүлөдөгү эки бала орто мектепке, кичүүсү бала бакчага орноштурулган.

«Балдардын энесине 15 миң сом айлык акы менен жумуш сунушталган, бирок ал баш тарткан. Ошондой эле атасы жумушка орношуудан баш тарткан», — деп билдирет министрлик.

Министрликтин маалыматы боюнча, буга чейин гуманитардык жардам катары үй-бүлөгө муздаткыч, кир жуугуч машина, телевизор, термопот берилген. Кварталдык комитеттин башчысынын айтымында, коңшулар үй-бүлө үчүн 590 миң сом чогултуп беришкен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>