Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурларАгартуу министрлиги окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн ачык сынак жарыяладыБооом капчыгайында беш күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөтЭми Tunduk аркылуу дарыгерди үйгө чакырууга болотБорбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилдиМанас шаарында кызга зомбулук көрсөткөн 38 жаштагы жаран камакка алынды
Чүйдө 2014-жылы курула баштаган бала бакча быйыл колдонууга берилет
19.09.2023 | 18:00
Чүйдүн Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында курулушу дээрлик 10 жыл бүтпөй турган бала бакча бүткөрүлүп, колдонууга тапшыруу алдында турат. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.
140 орундуу бала бакчанын курулушу 2014-жылы башталып, бир нече жылдан бери бүткөрүлбөй келген.
Бала бакчада сабактарды жана оюндарды өткөрүү үчүн бөлмөлөр, уктоочу бөлмөлөр, ашкана, жашылча-жемиштерди жана кургак азыктарды сактоочу бөлмөлөр жана башкалар каралган.
“Андан тышкары, гимнастика менен машыгуу үчүн, музыкалык сабактар өтүүчү үчүн өзүнчө бөлмөлөр жана медициналык кабинет каралган. Ошондой эле бөбөктөр үчүн эң керектүү заманбап оюн-зоок аянтчасы да бар”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом