Дүйнө чемпионаты: Айпери Медет кызы атаандашын 44 секундда жеңди (видео)

Дүйнө чемпионаты: Айпери Медет кызы атаандашын 44 секундда жеңди (видео)

Балбан кыз Айпери Медет кызы (76 кг) Сербиядагы дүйнө биринчилигинин чейрек финалына чыкты.

Айпери Медет кызы килем үстүнө бүгүн, 19-сентябрда чыгып, таймашты квалификациялык айлампадан баштады. Биринчи беттешинде румыниялык Каталина Аксентени 11:0 эсебинде утту.

1/8 финалда ал бейтарап туунун алдында чыгып жаткан Анастасия Зимянкова менен күч сынашып, аны 44-секундда 10:0 эсебинде жеңип алды.

Эскерте кетсек, Айпери Медет кызы күрөшкөн 76 кг салмак олимпиадалык болгондуктан, ал дүйнө чемпионатын жеңүүгө гана эмес, Олимпиадага лицензия алууга аракет кылат.

Олимпиадага лицензия 5 мыкты балбанга берилет: 1, 2-орунду алгандар жана коло байгеге татыган 2 балбан жолдомо алат. Ошондой эле, коло үчүн таймашта утулган эки балбан бешинчи лицензия үчүн өзүнчө беттеш өткөрөт.

Сербиядагы дүйнө чемпионаты 16-сентябрда башталган, ал 24-сентябрда жыйынтыкталат.

Учурда бул дүйнө биринчилигинде Кыргызстандын куржунунда 1 коло байге бар. Аны эркин күрөштөн 61 кг салмакта Тайырбек Жумашбек уулу утту.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>