4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салынды
Жуманазарова жаракатынан улам чейрек финалда күрөшкөн жок
20.09.2023 | 19:50
Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова (68 кг) жаракатынан улам күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын чейрек финалында күрөшө алган жок. Бул тууралуу спорттук журналист Тахир Гафуров билдирди.
Жуманазарова бүгүн, 20-сентябрда килем үстүнө чыгып, таймашты 1/16 финалдан баштаган. Биринчи беттешинде перулук Янет Соверо менен күрөшүп, аны 10:0 эсебинде жеңип алган.
Андан кийин 1/8 финалда украиналык Татьяна Рыжкону 5:2 эсебинде уткан.
Жуманазарова чейрек финалда япониялык балбан кыз менен күрөшмөк. Бирок жаракатынан улам беттештерди уланта албай калган.
Тахир Гафуровдун айтымында, Жуманазарованын эски жаракаты козголуп, чейрек финалдагы беттешке чыга албай калган. Мындан улам жеңиш анын атаандашына ыйгарылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз