ЖК эки комитетинин төрагасынын орун басарлары шайланды

ЖК эки комитетинин төрагасынын орун басарлары шайланды

Бүгүн, 20-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жана Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө маселе каралды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Жыйында “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Талайбек Масабировдун, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Гүлшаркан Култаеванын талапкерлигин сунуштады. Ал эми “Ынтымак” фракциясынан көрсөтүлгөн Шарапаткан Мажитова менен “Элдик” депутаттык тобунан сунушталган Нурлан Ражавалиев өз талапкерлигин алып салышты.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйындыгында  депутат Масабиров Талайбек Айтмаматович Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, депутат Култаева Гүлшаркан Оконовна Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланды.

Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомдору кабыл алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>