Дели – Бишкек – Дели багыты боюнча жаңы каттам ачылдыЧүй проспектисинин ЦУМ жактагы бөлүгү 12-декабрда ачылатКамчыбек Ташиев ЦУМдун жанындагы имараттын үчүнчү кабатын бузууну тапшырдыБШК Жогорку Кеңешке жаңы шайланган талапкердин эсине салдыСадыр Жапаровдун уулу жана экс-спикер Марат Султанов жаңы банктын негиздөөчүлөрү болуштуБишкек ЖЭБинде кышка көмүр жетиштүүбү? Мекеме жооп берди
Айнагүл Токобаева “Кыргызфильм” киностудиясынын директору болду
22.09.2023 | 12:26
Айнагүл Токобаева “Кыргызфильм” киностудиясынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Токобаева аталган кызматка 21-сентябрда дайындалган.
Айнагүл Токобаева 1983-жылы Бүткүл Союздук Мамлекеттик кинематография институтунун (ВГИК) экономика факультетин аяктаган. Ошондон бери “Кыргызфильм” киностудиясында ар кандай кызматтарды ээлеген. 2007-жылдан бүгүнкү күнгө чейин ушул эле киностудиянын директордун орун басары кызматын аркалап келген.
“Айнагуль Токобаева бир катар Улуттук жана Эл аралык долбоорлордо продюсерлик кылып, “Кыргыз киносунун отличниги”, “Маданиятынын мыкты кызматкери” жана бир топ грамота жана дипломдор менен сыйланган”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз