Айпери Медет кызы: Чемпион болгум келген

Айпери Медет кызы: Чемпион болгум келген

Мен чемпион болгум келген. Бул тууралуу кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы (76 кг) социалдык баракчасына жазды.

Беклгилүү болгондой, ал Сербиядагы дүйнө биринчилигинде күмүш медалга ээ болгон. Айпери Медет кызы финалда бутунан жаракат алып, таймашты уланта албай калган.

Медет кызы ага колдоо көрсөтүп, сүрөп турган бардык кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирген.

«Бул дүйнө чемпионатына чейинки басып өткөн жолубуз оңой болгон жок. Мен чемпион болгум келген. Бирок бутумдагы жаракаттан улам беттешти уланта алган жокмун. Экинчи орунду алып, өлкөм үчүн Париж олимпиадасына жолдомо уттум. Менде азыр баары жакшы. Мен үчүн сарсанаа болбоңуздар. Жаракатым айыктыргандан кийин күрөшүүнү улантабыз. Менин жанымда болгондорго, мага күйөрмандык кылгандарга, мен үчүн сарсанаа болгондордун баарына рахмат» – деп жазды ал.

Ошондой эле ал машыктыруучуларына ыраазычылык билдирип, алардын үмүтүн актоого аракети кыларын айткан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>