Суусамырда 59 жаштагы жаранды малы менен кошо кар көчкү басып калдыНовопавловкада жеке үйдүн короосундагы иттерди атып кетишкен. Бул боюнча милиция түшүндүрмө бердиСадыр Жапаров мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулунун кызматтан кетиши боюнча комментарий берди«Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы достуктан жогору турат». Президент Камчыбек Ташиевди эмнеге кызматтан алганын түшүндүрдүТажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода Бишкекке келди13-февралга карата аба ырайы
Дүйнө чемпионаты: Исмаилов жарым финалда жеңилди (видео)
23.09.2023 | 21:46
Грек-рим күрөшү боюнча балбан Амантур Исмаилов (67 кг) Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын жарым финалында атаандашына жеңилип, коло үчүн күрөшө турган болду.
Исмалиов бүгүн, 23-сентябрда килем үстүнө чыгып, таймашты 1/16 финалдан баштаган. Ал үч атаандашын 10:0, 8:0 жана 10:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.
Жарым финалда ал кубалык Луис Альберто Орта Санчес менен күч сынашып, ага 1:9 эсебинде жеңилди.
Эми ал эртең, 24-сентябрда коло байге үчүн күрөшөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз